Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:05

Өкмөт райондук кеңештерди түзүүнү 2025-жылга калтырууну сунуштады


Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерине берилген төш белги. Иллюстрация.
Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерине берилген төш белги. Иллюстрация.

Министрлер кабинети Кыргызстанда райондук кеңештерди түзүү демилгесин сунуштады. Бул тууралуу 22-февралда тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жаткан учурда маалым болду.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев баяндама жасады. Ал учурда пилоттук долбоор катары Ысык-Көл облусунда бир катар айыл өкмөттөр ирилештирип жатканын жана ушуга окшогон аймактык-административдик маселелерден улам райондук кеңештерди түзүү эрте экенин маалымдады.

Депутаттардын айрымдары мыйзам долбоорунун концепциясын колдой турганын билдиришсе, кээлери сындап чыгышты. Эл өкүлү Улугбек Ормонов аймактык-административдик реформалага байланыштуу райондук деңгээлде да бюджет болорун, кошумча акимдердин фонду бар экенин айтты. Депутат аларды көзөмөлдөө үчүн райондук кеңеш зарыл болуп жатканын белгиледи.

Бир катар сын-пикирлерден кийин мыйзам долбоору күн тартибинен алынып салынды.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы кол койгон “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, район акимдеринин ыйгарым укуктары күчөтүлгөн. Муну менен катар райондук кеңештер түзүлөрү маалымдалган.

2022-жылдын сентябрь айында Кыргызстанда райондук кеңештерди түзүү каралган жарлыктын долбоору даярдалган. Ага ылайык, өлкөдөгү 40 райондо 1 297 депутат шайланары көрсөтүлгөн. Баштапкы план боюнча райондук кеңештер 2023-жылы уюшулмак. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG