Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

"Арча": №47 абактын ордуна үй куруу пландалып жаткан Ленин районунда парктар бир гана пайызды ээлейт


№47 колониянын орду. Сүрөт "Кактус Медиа" басылмасыныкы.
№47 колониянын орду. Сүрөт "Кактус Медиа" басылмасыныкы.

Бишкектин Ленин районунда мурдагы №47 колониянын ордуна парк куруу демилгесин көтөрүп жаткан экологиялык уюмдар бул райондун аймагынын 1 пайызын гана парктар жана бакчалар ээлей турганын аныктап чыгышты.

Бул шаар боюнча эң начар көрсөткүч экенин белгилеген “Арча” демилгеси” коомдук фондунун маалыматына караганда, район калкынын 74% бак-дарак арасында сейилдөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Аталган маселеге байланыштуу фонд 3-мартта “Шааркана: Эмне үчүн колониянын ордуна парк керек?” деген темада талкуу уюштурганы жатат. Ага шаар башкармалыгынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү тургундардын өкүлдөрү чакырылды.

Эксперттер эгер колониянын ордуна кичи район курула турган болсо кайсы санитардык нормалар бузуларын айтып беришери кабарланды.

Ал жерге 10 миң батирлик кичи район куруу пландалып жатканын, максат - батир ала албай жүргөн кыргызстандыктарга жеткиликтүү ипотекалык насыя берүү экенин өкмөт былтыр сентябрда билдирген. Жердин жалпы аянты 8,5 гектар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG