Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Муфтият медреседе сабалган бала тууралуу билдирүү таратты


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын имараты.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын имараты.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Оштун Ноокат районунда "Равза" деп аталган медресе расмий катталбаганын, бала диний имаратта сабалган эмес деген билдирүү таратты. Муфтият “аталган окуя боюнча ички териштирүү жүргүзүүдө” деп билдирди.

Өткөн жылдын 9-декабрында Оштогу уруксат кагаздары жок медреседе 12 жаштагы өспүрүм катуу токмок жеп, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү 20-февралда белгилүү болгон. Бул окуя учурда социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда.

Оштун Ноокат райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш козгоп, аны 13-12 жаштагы эки бала сабаганы аныктаган. Милиция шектүүлөрдүн жашы 14кө толбогондуктан кылмыш иши кыскартылганын билдирди. Шектүүлөр атайын каттоого алынып, ата-энелерине Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 102-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Ата-энелик милдеттерден качуу”) негизинде айып пул салынган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG