Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Алиев: элчиликке кол салууга Ирандын бийлик өкүлдөрүнүн тиешеси бар


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөнүн Тегерандагы элчилигине кол салууну уюштурууга "Ирандын бийлик өкүлдөрүн" айыптады. Ал Тегеран менен мамилелерди жакшыртуу – бул террордук чабуулга тиешеси барлар жоопко тартылгандан кийин гана мүмкүн экенин билдиргенин жергиликтүү Turan басылмасы жазды.

27-январда Азербайжандын Ирандагы дипломатиялык өкүлчүлүнө куралдуу кол салуу болгондо коопсуздук кызматынын башчысы өлүп, эки күзөтчү жараат алган.

Алиев муну "уюшулган террордук акты" деп атаган.

"Теракттан кийин кол салган адамдын ирандык маалымат каражаттарына интервью бергени – аны Ирандын бийлик өкүлдөрү жөнөткөнүн көрсөтүп турат", – деди Алиев.

Азербайжандын президенти Тегерандан бул кол салууну ачык иликтөөнү жана ал иш боюнча Бакуга маалымат берип турууну талап кылды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канаани Бакуну жаман ойдон алыс болууга жана саясатташкан билдирүүлөрдү жасабоого чакырды.

Ал Тегеран тергөөнүн жыйынтыктарын азери тарапка берүүгө даяр экенин мурда эле билдиргенин белгиледи.

Чабуул койгон жаран үй-бүлөлүк маселеден улам бул кадамдарга барганын билдирип, жарым жылдан ашуун убакыттан бери байланышка чыкпай жүргөн аялы "элчиликтин имаратында болушу мүмкүн" деп ойлогонун айткан.

Бул окуядан кийин Баку дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери менен үй-бүлө мүчөлөрүн Тегерандан чыгарып кеткен. Учурда ал жакта административдик имаратты жана элчиликтин мүлкүн күзөтүп жаткан беш гана кызматкер бар. Тебриз шаарында Азербайжандын консулдугу ишин улантууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG