Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Кыйноолорго каршы улуттук борборго былтыр 207 арыз түшкөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолорго каршы улуттук борборго былтыр бир жыл ичинде 207 арыз түшкөн. Алардын 82си кыйноого байланыштуу болгонун мекеме жыл жыйынтыгы боюнча маалыматында билдирди.

Ырайымсыз мамилеге байланыштуу 62, камак шарты боюнча 22 арыз-даттануу болгон.

Борбордун кызматкерлери жыл ичинде жабык жайларга жалпысынан 919 жолу барышкан.

Мыйзамсыз кармалып тургандарга, кармоо мөөнөтүнүн бузулушуна, камактагы шарттарга, медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүнө байланыштуу 131 акт түзүлгөн, анын 65% милиция органдарына, 12% жаза аткаруу мекемесинин ишине байланыштуу болгон.

Кыйноолорду алдын алуу борбору 2012-жылы түзүлгөн. Бюджеттен каржылануучу мекеменин ишине эл аралык уюмдар жардам берет. Акыркы беш жыл ичинде ички иштер органдарында кыйноого алуу фактылары 1,5 эсе азайганы былтыр улуттук борбордун 10 жылдыгына арналган билдирүүдө айтылган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG