Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:50

Кыргыз-өзбек чек ара бекетине электрондук кезек киргизилиши мүмкүн


"Достук" чек ара өткөрүү жайындагы өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.
"Достук" чек ара өткөрүү жайындагы өзбекстандыктар. 2020-жыл, 23-март.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” чек ара бекетине каттамдарды жакшыртуу үчүн электрондук кезек системасы киргизилиши мүмкүн. 17-18-февралда эки өлкөнүн тийиштүү органдары жолугуп, кыргыз тарап Өзбекстан тараптын чек ара бекетиндеги электрондук кезек системасы менен таанышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады.

Министрлик пилоттук долбоор ишке ашса, Борбор Азияда чек арада электрондук кезек киргизген биринчи өлкөлөр болуп каларын белгилейт.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир нече чек ара бекети иштеп жатат. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Бул бекетте айрым учурларда жөө жүргүнчүлөрдүн узун кезеги пайда болору айтылып жүрөт.

Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери дагы ишин жанданткан. 2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG