Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:01

Адабий сындын кереги эмне?


Жолдош Турдубаев
Жолдош Турдубаев
  • Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Ар кандай иштин мыкты жактары менен катар кемчилигин, каталарын таап, талдоого, себептерин аныктоого дайым умтулган шартта гана аны жакшыртууга жол ачылат. Жалпы эле сын пикирсиз өнүгүү мүмкүн эмес, тескерисинче, жетишилген ийгилик, деӊгээл деле сакталбай, иштер улам артка кете берет. Айрыкча апыртма мактоо, кошоматчылык өкүм сүргөн кезде бардык тармактар туюкка кептелип, оор каатчылык болбой койбойт.

Көркөм сөз жаатында ырааттуу өсүш болушу үчүн да атайын сын керек, зарыл. Биз бүгүн адабий сындын негизги милдеттери жана чыгармачыл авторлордун ага карата мамилеси жөнүндө сөз кылалы.

Табит жөнүндө талашпайт, бирок...

Адабий сындын негизги милдеттеринин бири окурманды чыгармадан жекече таасир алып, бирөөлөрдү ээрчибей өз алдынча ойлонууга шыктандыруу болушу керек. Жакшы сынды окуган адам өзүнүн эстетикалык табитин өстүрүүгө, ой өрүшүн (кругозорун) кеңейтүүгө, түшүнүгүн тереңдетүүгө дилгирленет, атайын теориялык же окуу китептерди, чоң сынчылардын эмгектерин издеп окууга кызыгат.

Орто мектепти бүткөн жылы Чыӊгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы “Ала-Тоо” журналында жарык көргөндө ал тууралуу Калык Ибраимовдун “Көп маанилүү чыгарма” деген сын макаласын окуганым эсимде. Ошондо метафоранын кандай таасири күчтүү, мааниси тереӊ болушу мүмкүндүгүн, андыктан нукура көркөм чыгармаларды бир нече ирет окуш керектигин же жок дегенде эӊ урунттуу жерлерин кез-кезде эске түшүрө жүрүү зарылдыгын түшүнгөнмүн. “Кылым карытар бир күн” мен аз болсо да адабий даярдык менен окуган алгачкы чыгарма болуп калды.

Кесипкөй сындын окурманга пайдасы алыска сапар тарткан кишиге жылдыздарды карап адашпай жол жүрүүнү үйрөткөнгө тете. Ырас, көнүмүш, тааныш чөлкөмдөн чыкпай жүрө берчүлөргө эч кандай “компас” керек эмес...

Албетте, сындаган адамдын өзүнүн табити, көркөм туюму жетик, адабий билими терең, камылгасы жогору болгону жакшы. Ошондо ал көптөгөн тексттердин ичинен кайсылары окуганга арзый турганын көрсөтүп бериши мүмкүн. Болбосо, тескерисинче, ал окурман журтун адаштырып, адабиятка зыян келтирет.

Эгер сынчы өзү да көркөм текст жазып жүрсө, дагы жакшы – чыгармачыл иштин табиятын ичкериден билет.

Үчүнчү тулпардын өксүгү

Экинчи бир орчундуу милдет – жаӊы чыккан же элдин көӊүлү бурулбай келген китептерди жарнамалоо. Бул үчүн көпчүлүк авторлор белгилүү акын, жазуучуларга баш сөз жаздырып алат, таанымал кишилерди, журналисттерди чайга чакырып, бетачар өткөрөт. Телеканалдардан жаӊы китеп жөнүндө маек же талкуу уюштурулат.

Адабиятчылар жазган макалаларда китептин (чыгарманын) негизинен жакшы жактары сөзгө алынат, купулга толорлук үзүндүлөр, ырлар же ыр саптары мисал келтирилиши мүмкүн. Кемчиликтер жөнүндө көбүнчө учкай гана айтылат же сөз болбой калат.

Айрыкча баш сөз мактоо мүнөзүндө жазылат. Анда “ажайып”, “элестүү”, “таӊ каларлык”, “чебер” дегендей эпитеттер көп колдонулат. Айрымдарды Алыкулга же Айтматовго теңеп ийе жаздашат. Эстүү калемгер мындай сөздөр аванс иретинде же көӊүл жубатып эле айтыла берерин түшүнөт.

Дагы бир өтө орчундуу милдет – авторлорго, айрыкча чыгармачылыкка жаңыдан аралашып жаткандарга туура багыт берип, чыгармачыл өсүшкө көмөктөшүү...

Таланттуу акынга же жазуучуга сын эмес, билим деле керек эмес дегендер бар. Айрыкча үйрөнчүктөргө мындай “кеңеш” майдай жагып, көбү өсүүдөн өксүп калышы мүмкүн. (Бул жерде билим менен дипломду чаташтыруудан да этият кылуу зарыл).

Авторлор чындап жазуучу же акын болууну кааласа, мактагандарга, айрыкча “ажайып, сонун, мыкты” дегендей үстүрт эле баа бергендерге рахмат айтып коюп, сын пикирлерге көбүрөөк көӊүл бурушу зарыл. Өзү байкабаган кемчиликтерин көрөт, кээде конкреттүү кеңештерди угат.

Сынды уга билүү, түшүнө билүү да оӊой эмес. Уламыштагы Толубай сынчы ат тандаткан Азиз хандын эӊ мыкты күлүктөрүн жаратпай, бир кедейдин чобур аты тулпар экенин жазбай тааныганы үчүн көзүн оюп алышкан эмеспи. Көзүнүн кунуна сурап алган ошол атты таптап келгенде, аны кууп жеткен бир тулпардын маңдайы жука экенин эстеп калган сынчы күнгө беттей чаптырат кемпирине. Экинчисинин туягы жука болгондуктан, таштакка салганда муңуп кала берет. Падыша өзү минген үчүнчү тулпардын мактоо көтөрө албайт экен – Толубай кемпири экөө мактай баштаганда эле “жүрө албай туруп калды жер чапчылап”. Биздин авторлордун көпчүлүгүн да ушул мактоо аксатып, өксүтүп, талантын кууратып келет илгертен бери эле...

Сынга жооп кандай болушу керек?

Адабий чөйрөдө мурда "сындын сыны – көркөм сөз" деген кеп айтылчу. Мааниси мындай: эгер жазуучу же акын өзүнүн чыгармаларына карата айтылган сынга макул болбосо, анда каяша айтпай эле окурмандар баасын бергидей мыкты жаңы чыгарма жаратышы керек. Же жөнү жок сынга кабылган чыгармасын адабиятчылар менен окурман журту түшүнгүдөй мезгил келишин күтсө болот.

(Айтмакчы, сынга бийликтегилер да ушундай мамиле кылса, эч өкүнбөйт. Кылган иши туура болсо, баары натыйжалардан эле көрүнүп калат. Жөн эле каралай бергендер элдин назарынан калат. Бирок оркоюп турган кемчиликтерин, кесепеттүү каталарын жойгондун ордуна кайра иликтөөчү журналисттерди жектеп, чындыкты айткандарды куугунтуктаган жосун эч кимге абийир апкелген эмес...

"Батышка Борбор Азиянын адабиятын таанытабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:07 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG