Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

Зеленский Орусиянын ар бир чабуулуна укуктук баа берилерин эскертти


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын аймагына жасалган ар бир чабуулдун "террор өлкө үчүн олуттуу, укуктук кесепети болоорун" эскертти. Ал 18-февралдагы кайрылуусунда, Орусияны баскынчылыгы үчүн жоопко тартуу маселесинде Киев өнөктөштөрдүн күчтүү колдоосуна ээ болгонун айтты.

Бир жыл мурун башталган согуш үчүн гана эмес, 2014-жылдагы Крымдын аннексияланышы үчүн дагы жоопкерчилик маселеси караларын кошумчалады.

19-февралда украин аскердик күчтөрү Харьков, Луганск жана Донецк облустарындагы бир нече калктуу аймактарда кармаш уланып жатканын, Хмельницкий, Днепропетровск, Донецк жана Херсон облустарындагы жарандык инфаструктураларга аба соккулары жасалып, жапырт ок атуучу системадан 50 жолу ок атылганын билдирди.

Орусия тарап Донецктин жикчилдер көзөмөлдөгөн аймагына украин күчтөрү дагы ракеталык чабуул жасаганын билдирди. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоо мүмкүн болгон жок.

Бул арада Reuters агенттиги Северск шаарынын жанында украин аскерлери Орусиянын күтүлгөн чабуулунан коргонууга даярдык көрүп жатканын билдирди. Северск - Славянск шаарына кеткен стратегиялык жолдо, соңку аптада кандуу кармаштан катуу жабыркаган Бахмут шаарынан 20 км алыстыкта жайгашкан.

Украин аскерлери орустардын ракеталык чабуул жасоо мүмкүнчүлүгү жогору болуп турганын билдирүүдө. Зеленскийдин соңку билдирүүсүн утуралай , Мүнхендеги эл аралык коопсуздук боюнча конференцияда АКШнын вице-президенти Камала Харрис Орусияны "адамзатка каршы кылмыш кылды" деп айыптады.

Орусиянын АКШ дагы элчиси Анатолий Антонов АКШнын мындай айыптоосун четке кагып, муну "Орусияны мокочо көрсөтүү аракети" деп атады.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага толук масштабдуу басып кирген. БУУнун маалыматында декабрдын башына карата согуштук аракеттердин натыйжасында 6702 украиналык жаран, анын ичинде 424 бала каза болгон. Уюм бул маалымат толук эмес болушу мүмкүн экенин билдирген. Согуш маалындагы бардык жоготууларды бир нече көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес экенин да эске салабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG