Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Мүнхенде Армения менен Азербайжандын лидерлери жолукту


Армения менен Азербайжан лидерлеринин Мүнхендеги жолугушуусу.
Армения менен Азербайжан лидерлеринин Мүнхендеги жолугушуусу.

Германиянын Мүнхен шаарында 18-февралда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев жолукту. Ага АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да катышты. Мүнхенде коопсуздук боюнча эл аралык конференция өтүүдө.

"Бул Түштүк Кавказдагы эки мамлекет лидерлеринин Тоолуу Карабак боюнча чыңалуунун фонунда, өткөн жылдын октябрынан берки биринчи жолугушуусу болду",-деп белгилейт Reuters агенттиги.

Эки ай мурун Карабакты Армения менен байланыштырган жалгыз жолду - Лачин коридорун азербайжандык активисттер тосуп алышкан. Баку аларды аймактагы армяндардын жаратылыш байлыктарын казуусуна каршы чыккан экологдор деп билдирген. Армян тараптын айтымында, ишембиде Мүнхенде өткөн жолугушууда Ереван менен Бакунун ортосундагы тынчтык келишиминин долбоору боюнча маселе козголду.

Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө: "Премьер-министр Пашинян аймакта узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту кепилдей турган мындай келишимге кол коюуга армян тараптын чечкиндүүлүгүн тастыктады",- деп айтылат.

Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аймактык транспорттук байланышты бөгөттөн чыгаруу жана өлкөлөр ортосундагы делимитация процессин талкуулаган.

Азербайжан лидери "тынчтык келишими олуттуу, тарыхый келишпестиктерди токтотууга жакшы мисал боло алмагын" белгилеген. Орус маалымат агенттиктеринин жазганына караганда, Алиев Баку Армения менен чек арага өткөрмө бекеттерин орнотууну сунуштаганын билдирди.

2020-жылы эки өлкө Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Лачин коридору – Тоолуу Карабакты Армения менен туташтырган жалгыз жол. 2020-жылкы согуштан кийин Армения менен Азербайжан кол койгон келишимге ылайык Лачин району Бакунун көзөмөлүнө өткөн. Лачин коридорун болсо Орусиянын тынчтык орнотуучу миссиясы көзөмөлдөйт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG