Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Макрон Мүнхенде Орусия менен диалогго барчу убак эмес экенин айтты


Мүнхен шаарындагы коопсуздук боюнча эл аралык конференция. 17-февраль, 2023-жыл.
Мүнхен шаарындагы коопсуздук боюнча эл аралык конференция. 17-февраль, 2023-жыл.

Европанын жана АКШнын алдыңкы саясатчылары Мүнхен конференциясында президент Владимир Путинди жоопко тартууну талап кылышты.

Конференциянын катышуучулары Орусияны жана анын президентин жасаган кылмыштары үчүн эле эмес, мыйзамсыз басып алуу, согуш ачкандыгы үчүн да жоопко тартуу зарыл экенин белгилешти.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон учурда Москва менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн көрбөй турганын, азыр Орусия менен "диалог курчу учур эмес" экенине токтолду.

Ал сүйлөшүүлөр “Украина тандайт” деген шартта гана жүрүшү мүмкүн экенин белгиледи. "Европаны коргош үчүн Орусиянын баскынчыл согушу токтошу зарыл. Биз Украинага өз колдообузду үзгүлтүксүз көрсөтүшүбүз керек", - деди Макрон.

Германиянын канцлери Олаф Шольц жыйында Батыш өлкөлөрү Украинага курал-жарак берип, согушту узартып жатат деген сындарга жооп берди.

"Президент Путин өзүнүн империалисттик максатына жетпесин канчалык тезирээк түшүнсө, согушту тез арада токтотуу жана баскынчы аскерлерин чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук чоң болот", - деди Шольц.

Канцлер Москванын аракеттери ийгилик менен аяктабай турганын Германия баштаган Батыш өлкөлөрү "Украинаны канча зарыл болсо ошончо колдой турганын" айтты.

Германиянын Мүнхен шаарында 17-февралда башталган коопсуздук боюнча эл аралык конференцияга 40тан ашуун мамлекеттердин президенттери, ар кайсы өлкөлөрдөн 90дон ашуун министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Чакырылгандар арасында Орусия менен Ирандын өкүлдөрү болгон жок. Конференциянын директору Кристоф Хойзген былтыр Орусия ушул эле иш-чарага өкүлдөрдү жөнөтүүдөн баш тартканын, быйыл Украинага ачкан согушту токтотуу ниети жоктугуна байланыштуу чакыруу берилбегенин "Свобода" радиосуна билдирди.

Бирок эл аралык жыйынга чет өлкөлөрдө иштеп жаткан бир катар орусиялык жарандык коомдун өкүлдөрү чакырылганын кошумчалады. Алардын катарында Михаил Ходорковский жана Гарри Каспаров бар.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага толук масштабдуу басып кирген. БУУнун маалыматында декабрдын башына карата согуштук аракеттердин натыйжасында 6702 украиналык жаран, анын ичинде 424 бала каза болгон. Уюм бул маалымат толук эмес болушу мүмкүн экенин билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG