Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:34

Мурдагы прокуратура кызматкери пара талап кылууга шек саналып кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунда 16-февралда пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча мурдагы прокуратура кызматкери кармалганын билдирди.

Маалыматта кармалган жаран президент, УКМКнын төрагасы жана баш прокурор менен байланышы бар экенин айтып, мыйзамсыз текшерүү иштерин жүргүзгөнү, мыйзам бузууларды таап, мамлекеттик кызматкерлерден пара алып келгени айтылат.

“Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 миң АКШ долларын алуу фактысы такталды. Кармалган жаран айрым жарандарды 150 миң сом насыя алууга мажбурлап, ал акчага уюлдук телефон сатып алдырып, кийин аны өзү тартып алган. Андан тышкары айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалап, бир катар кишиден чоң суммадагы акча алып келген. Анткени кармалган жарандын атасы Т.Т.М. учурда Жалал-Абад облусунда Ички иштер министрлигинин “Унаа” ишканасынын аймактык бөлүмүнүн бөлүм башчысы кызматын ээлеп турат”, - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Атайын кызмат учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга катышы бар же жогун тактап жатканын билдирди.

УКМК 11-февралда Ош шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) менен алектенген үч спортчудан турган кылмыштуу топ кармалганын билдирген. Кармалгандар жаранды бычак, тапанча менен коркутуп, он күн ичинде 600 миң сом таап берүүнү талап кылганы кабарланган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG