Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

Кыргызстандык куткаруучулар ишин Хатайда улантат


Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарында. Февраль, 2023-жыл.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарында. Февраль, 2023-жыл.

Кыргызстандан Түркияга барган куткаруучулар жумушун зилзалада катуу кыйраган Хатай провинциясында улантат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 16-февралда кабарлады.

Аптанын башында Бишкектен барган 200гө жакын адис буга чейин Кахраманмараш шаарында издөө операцияларына катышып, урандылардын астынан беш адамды аман алып чыгышты.

6-февралда Түркия менен Сириядагы катуу зилзалада он миңдеген турак-жай кыйрады. 16-февралдагы маалыматка караганда, эки өлкөдө набыт болгондордун саны 41 минден ашты. Алардын 36 миңден көбү Түркияда. Жараат алгандар 100 миңден ашат. Миллиондогон киши гуманитардык жардамга муктаж. Алардын көбү башкалкасы жок, көчөдө калды.

Эми эки өлкөдө тең бийлик менен дарыгерлерге жүктөлгөн башкы милдет – ар кандай жугуштуу илдеттердин алдын алуу. Жет титирөөдөн жабыркаган аймактарда ооруканалар жана башка инфраструктура талкаланган, таза суу тартыш. Мисалы, Кахраманмараш шаарындагы чатыр шаарчада болгону алты ажаткана бар.

Согуштун, жакырчылыктын каарын тарктан Сирияда кырдаал өтө кооптуу.

Ондогон мамлекеттерден Түркияга барган куткаруучулардын айрымдары мекенине кайтып кете баштады. Адатта адистер 48 сааттан кийин тирүү калгандарды алып чыгуу ыктымалдыгы азаярын белгилешет. Бирок 220 сааттан кийин дагы аман табылып жаткандар бар.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган куткаруу операциясына жалпысынан 250 миңдей киши тартылганын айткан. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG