Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:58

Мадумаров өкмөттүн Конституциялык сотко кайрылганын сындады


Адахан Мадумаров жана Акылбек Жапаров. Коллаж
Адахан Мадумаров жана Акылбек Жапаров. Коллаж

Жогорку Кеңеште 16-февралда өткөн өкмөттүк саатта депутат Адахан Мадумаров Министрлер кабинетинин пенсия, социалдык төлөмдөргө байланыштуу Баш мыйзамдагы берене боюнча Конституциялык сотко кайрылганын сынга алды.

Конституциялык сот Министрлер кабинетинин Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүү жөнүндө сунуштамасы 10-февралда өндүрүшкө кабыл алынганын билдирген.

Бул беренеде "пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылары" жазылган.

Депутат “мыйзамда пенсиялар, жөлөкпулдар эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт деп жазылганын” айтып, өкмөт бул талапты аткарышы керектигин белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул кайрылуу Конституциядагы 44-беренени туура чечмелөө үчүн берилгенин, бул ишти аталган сот гана аткарарын айтып, социалдык төлөмдөрдүн жашоо минимумуна жетпей жатканынын себебин түшүндүрдү.

“Министрлер кабинети алына, экономикасына жараша төлөйт. Бүт дүйнө жүзүндө ушундай. Жашоо минимуму жыл сайын өзгөрүп турат. Аны кубалап жеткен Америкада, Жапонияда дагы жок. Референдумда кабыл алынгандан кийин так маалымат болушу үчүн укугубузду колдонуп, Конституциялык сотко кайрылдык”, - деди Жапаров.

Мадумаров өкмөт бул мыйзамды аткара албаса, отставкага кетиши керектигин айтты. Жапаров аткаруу бийлиги шартка жараша айлык, социалдык төлөмдөрдү көтөрүп жатканын билдирди.

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат өтүп жатат. Ага Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү катышууда.

Кыргызстанда орточо пенсия 8 миң сомду түзөрүн 15-февралда Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров маалымдаган.

Статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жашоо минимуму 7178 сомду түзөт. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG