Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

Түркияда кыргызстандык жүздөн ашуун куткаруучу иштеп жатат


Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда. Сүрөт ӨКМдан алынды.
Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда. Сүрөт ӨКМдан алынды.

Кыргызстандын куткаруучулары жана дарыгерлери Түркиянын жабыркаган аймактарында ишин улантууда.

Куткаруу иштеринин жүрүшүн өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов координациялап жатат.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарды куткаруу ишине Кыргызстандан 182 куткаруучу, анын ичинде 12 фельдшер, алты дарыгер, атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана иштеп жатат жана Кахраманмарашка 80 боз үй тигилген.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин 15-февралдагы маалыматына ылайык, Кахраманмараштагы AFAD лагеринде бирдиктүү убактылуу штаб ачылды.

"Штабда элчиликтин, Анталиядагы Башкы консулдуктун жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү кезектешип алдыдагы 10 күн нөөмөттө болот. Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471. Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен үзгүлтүксүз байланыш бар. Учурда кооптуу аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер да бар", - деп билдирди элчилик.

Маалыматта ошондой эле Түркиянын ар кайсы шаарларынан келген кыргызстандык жарандар жана студенттер, Түркияда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстандан барган куткаруу топторуна, кырсык болгон аймактарда жашаган мекендештерине жардам көрсөтүп жатканы да кабарланган.

15-февралда Түркиянын убактысы менен 17:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 20:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 35 418 адамга жетип, 105 505 адам жарадар болду. Кырсыктан жабыркаган 13 миң 208 адам ооруканаларда дарыланууда, 2,2 миллион адам кооптуу аймактан эвакуацияланган.

Жабыркаган аймактарда издөө-куткаруу иштерин 82 өлкөнүн куткаруучу топтору жүргүзүп жатат.

Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штабдын ишеним телефондору:
•Элчилик (Анкара): +90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;
• Анталиядагы Башкы консулдугу: +90 546 5570471, +90 534 8388551;
•Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу: +90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG