Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:41

Бишкек абасы кир шаарлардын тизмесинен түшө элек


Бишкек. Декабрь, 2022-жыл.
Бишкек. Декабрь, 2022-жыл.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун 15-февраль, саат 18:00га карата индексинде Бишкек кызыл түстө белгиленип, абасы кир шаарлардын катарын толуктады. Ушул тапта шаардын борборунда абанын сапаты боюнча индекси (AQI) 152. Бул баш калаадагы аба ден соолукка кооптуу дегенди түшүндүрөт.

Буга чейинки жарыяланган маалыматтарда акыркы төрт жылда абага бөлүнүп чыккан уулуу заттар 9,9% өскөнү айтылган эле. Анын ичинде абаны булгаган күкүрттүн кош кычкылы (ангидрид) 2017-жылы 7,8 миң тонна болсо, 2021-жылы 15,1 миң тоннага чейин жеткен.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-январда райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго ыштан арылуу боюнча тез арада план иштеп чыгуу тапшырмасын берген.

Адистер Бишкектин абасынын булганышын сапатсыз көмүрдөн жана автоунаалардан чыккан түтүндөн көрүшөт(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG