Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир киши каза болду


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

14-февралда Бишкек шаарынын Дачная көчөсүндөгү үйдөн өрт чыгып, 40 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, үч бөлмөлүү турак үй толугу менен өрттөнгөн. Өрттү өчүрүү учурунда күйүп калган жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби учурда такталууда.

Кыргызстанда 2022-жылы өрт кырсыгынан 30 адамдын өмүрү кыйылганын 20-январда “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришкен эле. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 3 миллиард сомдон ашкан.

Куткаруучулар 31 адамды аман алып калып, 52 миллиард сомдук мүлктү сактап калышкан.

2020 жана 2021-жылдары өрт кырсыгынан каза болгондор 43 жана 51 адам болгон, материалдык чыгым 854 миллион жана 904 миллион сом деп эсептелген. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG