Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Молдова Орусиянын "диверсиялык аракеттеринен" кооптонууда


2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Молдова Евробиримдикке кошулууга арыз берген.
2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Молдова Евробиримдикке кошулууга арыз берген.

Молдованын президенти Мая Санду Орусия өлкөдөгү бийликти алмаштырып, Кишинёвдо бийликке өз кишилерин алып келүүнү көздөп жатканын билдирди. Ал өлкөнү дестабилдештирүү планы Орусияда иштелип чыкканын, бул туурасында өткөн аптада украин атайын кызматтары маалымат бергенин айтты.

Москванын планы боюнча Орусиянын тарапташтары өлкөдөгү оппозициялык күчтөрдүн нааразылык акциясына жамынып алып, мамлекеттик мекемелерге кол салып, элди барымтага алмак. Бул кыймыл-аракеттерге жөнөкөй кийим кийген, аскердик даярдыгы бар диверсанттар Орусия, Беларус, Сербия жана Черногориядан тартыла турганы маалымдалган. Санду орустарга бул максаттарын ишке ашыруу үчүн Молдовадагы айрым күчтөр жардам бериши ыктымалдыгын, алардын ичинде чет өлкөдө жүргөн саясатчы жана бизнесмен Илан Шор жана Влад Плахотнюктун тарапкерлери да болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

Санду Орусия өлкөнүн евроинтеграциясын токтотуп, Молдованы Украинага каршы согушта пайдалануу максатын көздөй турганын, былтыр күзүндөгү ушул өндүү аракеттер коопсуздук кызматтарынын ыкчам аракети менен токтотулганын айтты.

Молдованын премьер-министри Наталья Гаврилица өткөн аптада кызматын тапшырган. Ал өлкөдө коопсуздук маселеси олуттуу болуп турганын белгилеген эле.

Москва азырынча Сандунун билдирүүсүнө комментарий бере элек. Молдова согушта Украинаны колдогону үчүн Москва менен Кишинёвдун мамилеси соңку жылы бир топ эле сууп калган.

Молдованын жикчил Приднестровье аймагында 400-500дөй орус аскери бар. Алар 1992-жылкы согуштан кийин бейпил күчтөрүнүн ролунда калтырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG