Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:42

Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен жолукту


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын мамлекет башчысы Каталин Новак эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 13-февраль, Будапешт.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын мамлекет башчысы Каталин Новак эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 13-февраль, Будапешт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда расмий сапарынын алкагында Венгриянын мамлекет башчысы Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушуу президенттик резиденцияда – Будапешт шаарындагы Шандора сарайында өттү.

Жапаров менен Новак алгач бетме-бет форматта, андан соң кеңейтилген курамда жолукту.

"Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды", - деп кабарлады президенттин сайты.

Каталин Новак сүйлөшүүлөрдүн алкагында бир катар документтерге кол коюу эки тараптуу мамилелердин келечегине түрткү болорун, кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирген. Ошондой эле бир катар тармактарда практикалык кызматташууга даяр экенин белгилеген.

Садыр Жапаров кыргыз менен венгер элдери боордош экенин, Кыргызстан үчүн Венгрия аркылуу Европага эшик ачылып жатканын, Венгрия жана Европа өлкөлөрү менен саясий-экономикалык багытта кызматташууга даяр экенин билдирди.

Президент Жапаров Новакты ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров Будапешт шаарында Венгриянын баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду.

Сапар алкагында кыргыз президенти кыргыз-венгер бизнес форумуна катышат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары айтылган.

Буга чейин Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндаганда Европадан Венгрия менен мамиле бекемделип жатканын айткан.

2021-жылдын ноябрында Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болгон жана анын капиталы 50 миллион доллар болору айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG