Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:56

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирди


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 10-февралда “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү К.С. кармалганын билдирди. Ал 1986-жылы туулган жана Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык) менен козголгон кылмыш иши боюнча былтыр июндан бери издөөдө жүргөн деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Ноокен райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу такталып жатканы кабарланды.

УКМК 9-февралда Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалганын, алар Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 АКШ долларын талап кылып, тергөө органдарынан жашынып жүргөнүн билдирген. Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Ош облустук жана шаардык башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.

Атайын кызмат билдиргендей, ушул кылмыш иштин алкагында буга чейин эки жаран кармалган.

13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болгон.

Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган, кылмыш дүйнөсүндө "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов баштаган беш кишини кармаган.

Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Аны соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку Сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG