Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:06

БУУ Сирияда зилзаладан жабыркаган элге жардам жетпей жатканын билдирди


Сирияда чатырда башкалкалаган үй-бүлө.
Сирияда чатырда башкалкалаган үй-бүлө.

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 30 миңден ашты. Улуттар Уюмунун эсебинде, бул сан эки эсе көбөйүшү ыктымал. Эки өлкөдө жараат алгандар он миңдеп саналат. Жүз миңдеген киши башкалкасыз калды. Издөө-куткаруу иштерине 70тен ашуун өлкөдөн келген адистер тартылды.

Сириянын түндүк-батышына гуманитардык кербен Түркиянын аймагы аркылуу жекшембиде кирди. БУУнун баш катчысынын орун басары, гуманитардык маселелер боюнча координатар Мартин Гриффитс үй-жайсыз калган миллиондогон кишиге жардам жетпей жатканын белгиледи. Согуштун каарын тарткан өлкөнүн саламаттык сактоо системасы талкаланган, бир катар аймактар өкмөттүк күчтөр менен кармашып жаткан козголоңчулардын колунда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 6-февралда Түркия менен Сирияда болгон жер титирөөдөн жалпысынан 26 миллиондой киши жабыр тартканын ишембиде билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин маалыматына караганда, акыркы алты күндүн ичинде 70тен ашык кыргыз жараны жер титирөө болгон аймактардан Анкара, Анталия жана Алания шаарларына, ошондой эле Астана менен Ташкент аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды.

Мунун алдында жер титирөо болгон жерде уранды алдынан бир кыргыз жаранынын сөөгү табылганы белгилүү болгон. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн камылга көрүлүп жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG