Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктар ыйгарылды


Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.
Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктар ыйгарылды. Ага ылайык, биринчи орунду Болот Темиров менен Temirov Live редакциясы “Эки күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдердин схемасы. Садыр Жапаровдун жообу!” деп аталган материалы үчүн алды.

“2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү” сынагында экинчи орун “Азаттыктын” кабарчысы Айбек Бийбосуновго “Интернетте гүлдөгөн баңги бизнеси” деген иликтөөсү үчүн ыйгарылды.

Үчүнчү орун BULAK.KG маалымат-аналитикалык сайтынын журналисттерине “Ысык-Көл жээгинин каракчылары. Борбор Азиядагы эң көркөмдүү көлдү кимдер жок кылууда?” (“Пираты Иссык-Кульского побережья”. Кто убивает самое красивое озеро Центральной Азии?") деген иликтөөсү үчүн берилди.

Бул сынактын алкагында “Т-Медиа” телеканалынын журналисти Даткабек Шабданбек уулу “55 миң тонна кара алтын кайда?” деген макаласы үчүн, ал эми “Media Space” коомдук уюму, “Апрель” редакциясынын
“УКМК өнүктүрүү фонду” (“Фонд развития ГКНБ”) аттуу иликтөөсү үчүн атайын сыйлыктар ыйгарылды.


Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөө журналистикасы жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга, андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.

Негизги талаптар – материалдын актуалдуулугу, журналисттик иликтөө темасынын масштабы, иликтөөнүн конкреттүү жагдайдын жакшырышына тийгизген таасири, кесиптик деңгээл жана атуулдук кадыр-барк. Сыйлык фонду 100 миң сом.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG