Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

Түркия: кыргызстандык куткаруучулар тирүү калган 7 жашар баланы тапты


Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.
Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Түркиянын Кахраманмараш шаарында кыргызстандык куткаруучулар 7 жаштагы Алиайчичек деген баланы уранды алдынан аман таап чыканын билдирди.

"Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып туугандарына берилди",- деп жазылган маалыматта.

Анын алдында, 11-февралда кыргызстандык куткаруучулар жер титирөөнүн алтынчы күнүндө 22 жаштагы кош бойлуу келинди, 16 жаштагы өспүрүмдү уранды алдынан алып чыккан.

Кыргызстан жер титирөөнүн алгачкы күнүндө эле Түркияга 67 адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн жана алар зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.

Кыргыз бийлиги 12-фералда дагы жүз куткаруучу атайын борт менен бара турганын, эки учак гумантардык жардам берилерин маалымдаган.

Саламаттык сактоо министрлиги 11-февралда Түркияга дарыгерлер тобу жөнөтүлөрүн кабарлады. Ага ылайык, нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан-тамыр хирургу өңдүү адистерден куралган бригада Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кахраманмараштагы мобилдик госпиталында иштейт. Ошондой эле врачтар керектүү дары-дармектерди, шаймандарды өздөрү менен кошо ала барат.

Министрлик дары-дармек, медициналык буюм-тайымдардын турган гуманитардык жардам жөнөтүлөрүн, медиктердин бир күндүк айлыгы Түркия үчүн ачылган бирдиктүү эсепке которуларын кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG