Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Талды-Коргондо сот кармалгандарды кыйнаган полиция кызматкерлерин кести


Талды-Коргон шаарындагы сот процесси, 10-февраль, 2023-жыл.
Талды-Коргон шаарындагы сот процесси, 10-февраль, 2023-жыл.

10-февралда Казакстандын түштүгүндөгү Талды-Коргон шаардык соту 2022-жылы январдагы кандуу окуяда кармалгандарды кыйнаган полициянын беш кызматкерин үч жылдан беш жылга чейин кести. Айдын Кенжебаев менен Нуртаз Жанбакыт уулуна төрт жыл, Сапарамурат Токташка үч жарым жыл, Ермек Жумашев менен Алмас Бокановго үч жыл абак жазасы чегерилди. Сот аларды аскердик наамынан ажыратып, жазасын өтөп бүткөндөн кийин укук коргоо органдарында иштөөгө үч жылга тыюу салды. Тергөөдө алардын колунан 23 киши запкы жегени аныкталган.

Сот иши былтыр сентябрда башталган. Жабырлануучулар башында айыпталуучуларга катаал жаза чегерүүнү суранса, кийин аларды кечирип, шарттуу жаза чегерүүнү соттон өтүнгөн.

Өткөн айда Алматынын соту полициянын эки кызматкерин кандуу окуяда кармалган балдар үйүнүн тарбиялануучусуна кыйноо көрсөткөнү үчүн үч жыл абакка кескен.

Былтыр июнда казак прокуратурасы 25 киши январдагы элдик толкундоодо кармалганда полиция аёсуз кыйнап, ысык үтүктү денесине басканын айтып даттанганын билдирген.

Бул кандуу окуя учурунда Алматыда жүргөн кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов менен эмерек орнотуучу блуп иштеген Чолпонбек Сыдыковду казак күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабашкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандыкта бийлик элге каршы от аткан. Расмий маалыматка караганда, кандуу тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Алардын көбүнө ок тийген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG