Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:53

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр башталат


Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.
Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.

Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоогө байланыштуу 12-18-фералда күндөрү сүйлөшүүлөр өтөрүн "Азаттыкка" ырастады. Мунун алдында айрым өзбек басылмалары өлкөнүн тышкы иштер министри Бахромжон Алоевге шилтеме кылып эки өлкөнүн жумушчу топтору сүйлөшүп жатканын жазган. Ошондой эле 2023-жылдагы жолгушуулардын жадыбалы бекигени тууралуу маалымат болгон.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн айдын аягында Бишкеке мамлекеттик сапар менен келгенде эки өлкө чек арасын делимитациялоо жараяны аяктаганын билдирген. Анда тараптар чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан.

Анын алдында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүткөн.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды февралдын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG