Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Түркиядагы Жаңыл: Зилзалада мышыгым сактап калды


Түркиядагы зилзала
Түркиядагы зилзала

Жаңыл Токоева зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарында турат. Апаатты бир жыл мурун көчөдөн асырап алган мышыгы алдын ала сезип, экөө көчөгө чуркап чыгышкан. Көп өтпөй жер силкинген. Учурда Жаңыл шаардын четинде гидроэлектростанцияда баш калкалап турганын "Азаттыкка" айтып берди.

- Мен бир канча жылдан бери жалгыз жашайм. Кахраманмарашта турганыма беш жыл болду. Негизи эле бул аймакта жер титирөө дайыма болуп турат, бирок буга чейинкилер 4-5 баллга эле жетчү. Ошондуктан мындай силкинүүлөргө биз көнүп калганбыз. Былтыр көчөдөн таап алган мышым бар. Ал негизи зилзаланы алдын ала сезет. 6-февралда таңга маал саат 4.10дордо мышыгым баладай болуп катуу ыйлай баштады. Үйдө өзүнө жер таппай, чуркап токтобой койду.

Жаңыл Токоева.
Жаңыл Токоева.

Мен дароо кийинип, мышыгымды, телефон, капчыгымды алдым да көчөгө чуркап чыктым. Чыгып баратып кошуналарымдын эшигин каккылап ойготконго аракет кылдым. Көчөгө чыкканда эле дароо жер титирей баштады. Көз алдымда үйлөр кулап түштү. Дароо алыстап качтым. Үйлөр кишилердин үстүнө кулап жатты. Алысырак жерге качканга аракет кылдым.

Таңга жуук жер силкингенден кийин кайда бардыңыз? Мышыгыңыз өзүңүз мененби?

- Ооба, мышыгым жанымда. Кайда барарыбызды билбей түшкө чейин көчөдө жүрүдүк. Жаан төгүп жатты. Тиякка барсак ал жактан үй кулайт, бул жакка барсак бул жактан үй кулайт. Ошентип жүрсөк экинчи жер титирөө болду. Ошол эң катуу болду. Көчөдө бутуңа туралбайсың. Таңкы зилзаладан аман калган имараттар, үйлөр ошондо тыптыйпыл болду.

Ошондон бери мен үйүмдү көрө элекмин. Турабы, жокпу билбейм. Биринчи жер титирөөдөн кийин үйгө чуркап кирип, кийим алмаштырып, нан-пан алып, кайра чыкканга үлгүргөм.

- Кошуналарыңыздан кабар барбы?

-Кошуналардан кабар жок. Бирок биринчи жолу жер титирегенде баары чуркап көчөгө чыккан. Үйдө эч ким калган жок.

- Жаңыл азыр кайсыл жердесиз?

- Бул жакта гидроэлектростанция бар экен. Ошол жерге келдик. Шаардын четинде, ээн жерде. Үйлөр жок. Бул жакка жардам жетпейт. Баарыбыз ачкабыз. Бир нанды бир канча киши бөлүп жедик. Кудайга шүгүр, арабызда жараат алгандар, ооругандар жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдө набыт болгондор арасында кыргыз жарандары жок экенин кабарлады. Адана шаарында кыргызстандык жаран жараат алганы белгилүү болду жана ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы канааттандырарлык экени, ооруканадан чыкканы маалымдалды.

  • Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары):

+90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

  • Анталиядагы башкы консулдук:

+90 546 5570471, +90 534 8388551;

  • Стамбулдагы Башкы консулдук:

+90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG