Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:14

Норвегия Украинага 7 млрд доллардан ашуун жардам планын жарыялады


Йонас Гар Стeре
Йонас Гар Стeре

Норвегиянын өкмөтү Украинага 75 миллиард крон же жети миллиард доллардан ашуун өлчөмдө жардам көрсөтүүнүн беш жылдык планын иштеп чыкты.

Премьер-министр Йонас Гар Стeренин айтымында, Украина жыл сайын 15 миллиард крон транш алат. 2023-жылы бул сумманын жарымы аскердик муктаждыктарга, калган жарымы гуманитардык жардамга жумшалат.

Стере Reuters агенттигине бул Норвегиянын тарыхындагы башка өлкөгө эң чоң жардам программасы экенин айтты. Анын белгилешинче, жемкорлук болбошу үчүн гуманитардык муктаждыктар үчүн каражат мамлекеттик мекемелерге эмес, ушул тармакта иштеген уюмдарга түз өткөрүлөт.

Планды Норвегиянын парламенти жакынкы апталарда бекитет. Оппозициялык Консерваторлор партиясы да аны колдой турганын маалымдаган.

Норвегия Европа чөлкөмүндө Орусиядан кийинки ири мунай өндүрүүчү мамлекет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG