Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:46

"24.kg" сайтынын жетекчиси Асель Оторбаева УКМКга суракка чакырылганын айтты


УКМК имараты.
УКМК имараты.

"24.kg" маалымат агенттигинин жетекчиси Асель Оторбаева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылды. Мекеменин Башкы тергөө башкармалыгына 6-февралга саат 17ге күбө катары чакырылып жатканын ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

“"24.kg" сайтына чыккан макала боюнча”,- деди Оторбаева.

Кечээ 5-февралда эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгында бир нече жыл мурдагы видео боюнча күбө катары бир сааттай суракта болду.

Сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар соңку кезде Кыргызстанда эркин прессага басым күчөгөнүн белгилеп жатышат.

Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылгандар пайда болду, “Азаттыктын” сайты бир нече айдан бери бөгөттөлүп турат жана аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракети көрүлүүдө.

Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG