Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:30

Ош шаардык милициясы: Ыдырыс Исаков күбө катары суралды


Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаковдун милицияга чакыртылганы тууралуу түшүндүрмө берип, ал күбө катары суралганын билдирди.

"Өткөн жумада Тик-Ток социалдык түйүнүндө "Альберт" (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу "Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат" деген башкы темада кыскача видеоролик жарыяланган. Анда Ыдырыс Исаковдун видеокайрылуусу дагы колдонулган. Бул видеоролик жана анын темасына байланыштуу Ыдырыс Исаков Ош милициясынын тергөө кызматына 5-февралда күбө катары чакырылды. Исаков "Альберт" деген атуулду тааныбасын, ал жерде колдонулган видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан бейтааныш адамдар монтаждап жасаганын, "уйгур мафиясын" билбесин айтты. Күбө катары суралган Исаков милицияда бир саатка жетпген убакыт болду",-деп жазылган маалыматта.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенип, курч материалдары жана иликтөөлөрү менен таанылган. Учурда өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 417 миң катталуучу бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG