Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Германия: Орус аскерлеринин кылмыштары тууралуу жүздөгөн далилдер бар


Буча шаары, Украина. 3-март, 2022-жыл.
Буча шаары, Украина. 3-март, 2022-жыл.

Германиянын Башкы прокуратурасы Орусиянын аскерлери Украинада жасаган согуш кылмыштары боюнча “жүздөгөн” далилдерди чогултту. Бул тууралуу Германиянын башкы прокурору Питер Франк Welt am Sonntag гезитине айтты. Ал орус армиясынын лидерлерин жоопко тартуу үчүн эл аралык коомчулуктун аракети зарыл экенин белгиледи.

«Учурда биз Бучадагы кыргынга жана Украинанын жарандык инфраструктурасын бутага алган чабуулдарга көңүл буруп жатабыз», - деди Питер Франк.

Ал болочоктогу эл аралык сотко материалдарды даярдоо учурдагы негизги максат экенин айтты.

Былтыр март айынын соңунда жана апрель айынын башында Орусиянын аскерлери Киевдин түндүгүнөн, анын ичинде Буча шаарынан чыгып кеткен. Андан соң Бучанын көчөлөрүндө табылган жайкын тургундардын туш келди жаткан сөөктөрү эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна туш болгон. Украин бийлиги шаарда орус күчтөрүнүн колунан жүздөгөн адамдар, анын ичинде жайкын тургундар каза тапканын билдирген.

Шаардын жөн-жай жашоочулары өлтүрүлгөнүн көз карандысыз булактар, анын ичинде спутниктен тартылган сүрөттөр да ырастаганы менен Кремл согуш кылмыштары тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG