Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:48

Пакистан Википедия сайтын бөгөттөдү


Википедия онлайн энциплопедиясынын логотибин карап турган аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Википедия онлайн энциплопедиясынын логотибин карап турган аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын бийлиги 4-февралда Википедия онлайн энциплопедиясын “кудайга акарат келтирген маалыматтарды таратты” деп айыптап, өлкө аймагында веб-сайтты бөгөттөдү.

Бул тууралуу AFP маалымат агенттиги Пакистандын Электр байланыштарын башкаруу кызматынын өкүлү Малахат Обейдге таянуу менен кабарлады.

Мекеме өкүлү аталган платформага бир нече күн кайрылышканын, бирок алар материалды өчүрүүдөн баш тартканын айтты. Ал макалалар кудайга шек келтирген темада экенин билдирип, кайсы темада экенин так атаган жок.

Негизги калкын мусулмандар түзгөн Пакистанда кудайга жана динге шек келтирүү темасы дыкат маселе болуп саналат. Буга чейин өлкөдө Мухаммед пайгамбар жөнүндөгү фильмдерге байланыштуу материалдардан улам Facebook жана YouTube сайттары бөгөттөлгөн.

Википедия сайтына ээлик кылган Wikimedia Foundation коммерциялык эмес фонду сайтты бөгөттөө “калкынын саны боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турган өлкө калкынын акысыз ири билим булагына кирүүсүн чектеп коёт” деп комментарийледи. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG