Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Аба ырайы: Айрым жерлерде кар жаап, көчкү түшөт


Кыргызстандагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы айылдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору чукул билдирүү таратып, 4-февралдан 6-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда жана башка жолдордогу ашууларда кар көчкү түшүү ыктымалдыгын эскертти. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

5-февралда түнкүсүн Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондорда кар жаашы ыктымал. Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус болот.

5-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 6…8° градусту түзөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG