Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:54

Кыргызстанда милициянын 100 жетекчисине тартип жазасы берилди


Ички иштер министрлигинин коллегиясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ички иштер министрлигинин коллегиясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кемчиликтери үчүн Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ар кайсы бөлүмдөрүнүн 100 жетекчисине түрдүү тартип жазалары берилди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим ИИМдин коллегиясында кабыл алынды. Жыйын 3-февралда өттү.

2022-жылдын жыйынтыгын караган кеңешмеде мындан сырткары жетекчилик курамдагы төрт кызматкерге кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, ошону жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгүнө баа бериле турганы белгиленди.

Коллегияда ошондой эле шаардык жана райондук бөлүм башчылар, облустук башкармалыктардын бөлүм башчылары жакынкы аралыкта ротация кылуу чечими кабыл алынды. Мунун максаты милициянын ишиндеги кемчиликтерди жоюп, ишти жакшыртуу максаты менен түшүндүрүлдү.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы өлкөдө күч түзүмдөрү тарабынан 45 миң 96 кылмыш иши катталып, анын 42 миң 498и милиция кызматкерлеринин кароосуна берилген. Жыл жыйынтыгын чыгарган жалпы жыйында министрдин орун басары Адылбек Бийбосунов катталган кылмыш иштеринин дээрлик 60% бети ачылганын айтты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG