Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Kloop веб-сайтын бөгөттөө тууралуу бийликтен эскертүү алганын жазды


Kloop сайтын карап отурган окурман.
Kloop сайтын карап отурган окурман.

"Клооп" (Kloop) басылмасы веб-сайты бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алды. Бул тууралуу басылма 1-февралда кабарлады.

Маалыматка караганда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда «жалган маалымат» берилгени белгиленген.

"Kлооп" бул талапка макул эмес экенин жана макаланы сайтынан өчүрбөй турганын жазды.

Сөз "АРИС буга чейин Орунбеков айткан социалдык объектилердин баасы ашыкча бааланганын четке какты" деген аталышта 25-январда чыккан макала тууралуу болууда. Бул макаланы өчүртүү талабы менен министрликке АРИС даттанганы белгиленген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кол койгон катта эгер макала өчүрүлбөсө, сайт эки айга бөгөттөлөрү эскертилген.

Маданият министрлигинин каты качан жөнөтүлгөнү белгисиз. Бирок анда министрликтин талабы тезинен аткарылышы керек экени жазылган.

"Kлооп" бул макаласында Баткен облусуна курула турган социалдык объектилердин чыгымы тууралуу АРИСтин маалыматын жана ашыкча чыгымдар тууралуу айткан президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун сөздөрүн колдонгон. АРИСке бул макаланын темасына Орунбековдун аты кошулганы жаккан эмес.

АРИС «Клоопко» кайрылганда журналисттер макаланын темасын редакциялашканы менен Орунбековдун аты-жөнүн өчүрүп салууга макул болгон эмес.

"Азаттык" азырынча министрликтен, АРИСтен же Орунбековдон комментарий ала элек.

Былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайты бөгөттөлгөн. Буга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгонун билдирген.

“Азаттык” бул материалда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин билдирген жана министрликтин чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул арыз боюнча сот отуруму 26-январда башталып, кийинки соттук отурум 17-февралга белгиленген.

Ал арада министрлик “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болгон. Бул арыз сотто 9-февралда каралат.

Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келе жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG