Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:05

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” башкы прокурорго кайрылды


Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандардын айрымдары. 13-декабрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандардын айрымдары. 13-декабрь, 2022-жыл.

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” бул иш боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевдин басма сөз жыйынында айткандарына байланыштуу маалымат таратты. Комитет кылмыш ишине “жашыруун” грифин коюуга негиз болгон материалдар шектүүлөргө, алардын адвокаттарына берилбегенин билдирди. Катта аларды кармоодо жашы, ден соолугу жана мамлекетке жасаган эмгеги эске алынбаганы айтылат.

Кайрылууда Башкы прокуратура тергөөдөгү мыйзам бузууларды текшерип, коомчулукка маалымат бериши керектиги жазылган.

Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар тергөөгө көрсөтмө берүүдөн баш тартканын билдирген. Ал азыр сотто шектүүлөрдүн бөгөт чаралары гана каралып жатканын, прокурлор шектүүлөрдү камакта калтыруу боюнча тергөөнүн өтүнүчүн гана колдоп жатканын кошумчалаган.

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” прокурорлордо шектүүнүн камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүлөрдүн өтүнүчүн колдоодон баш тартуу укугу да бар экенин эскертти.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG