Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:52

Министр менен элчи Кыргызстан-АКШ кызматташтыгын талкуулашты


Министр Жээнбек Кулубаев жана элчи Лесли Вигери. 2023-жылдын 1-февралы.
Министр Жээнбек Кулубаев жана элчи Лесли Вигери. 2023-жылдын 1-февралы.

Кыргыз-америкалык кызматташтык маселеси бүгүн 1-февралда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусунда талкууланганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

“Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, 2023-жылга карата биргелешкен пландар талкууланып, саясий, соода-экономикалык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди”, - деп билдирди ТИМ.

АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте былтыр ноябрь айында ант берип, кызматка киришкен.

Президент Садыр Жапаров аны 30-декабрда кабыл алып, ортодогу кызматташтык мамилелерин талкуулаган.

Кыргызстандын башкы дипломаты Кулубаев менен Вигери 6-декабрда да кезигишкен.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын, талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар экенин 19-январда министр Кулубаев билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG