Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Кыргыз журналистикасынын тарыхына арналган китеп жарык көрдү


Бишкекте бүгүн 31-январда кыргыз журналистикасынын тарыхына арналган китептин бет ачары өттү. Долбоордун автору, китептин түзүүчүсү – саясий илимдердин кандидаты, билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер, публицист, журналист Бакыт Орунбеков.

«Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен» деген аталыш менен чыккан китепте 1950-1990-жылдары Бишкекте, облустарда, район-шаарларда, ар кандай маалымат каражаттарында эмгектенген 40тан ашуун белгилүү инсандын, кесипкөй журналисттин эскерүү, пикирлери камтылган.

«Биз жыйнаган оозеки тарыхый булактардын башкы айырмачылыгы – маалыматтын индивидуалдуулугу жана субъективдүүлүгү, башкача айтканда, жеке адамдын советтик журналистика боюнча ою, сөзү, көз карашы, өзү күбө болгон доорду билимине, тарбиясына, талантына жараша кабыл алганы, көргөнү, талдоосу. Бул китеп советтик кыргыз журналисттеринин бизге берген маалыматы аркылуу ири алдыда Кыргызстандын тарыхы, анын ичинде журналистиканын тарыхы катылганы, анын жаңы кырлары ачылганы менен да баалуу”, - дейт автор.

300 нуска болуп чыккан китеп, автор белгилегендей, болочок журналисттер үчүн, жалпы эле тарыхка кызыккандар үчүн мааниси чоң. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG