Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:35

1-класска балдарды электрондук каттоо апрелде башталат


Бишкектеги мектептердин бири.
Бишкектеги мектептердин бири.

Кыргызстанда балдарды мектепке 1-класска кабыл алууга электрондук каттоо апрель айында башталат. Билим берүү жана илим министрлиги каттоо биринчи этапта балдарды катталган жери боюнча, экинчи баскычта ошол учурда жашаган жери боюнча жүргүзүлөрүн билдирди.

“Мектепке электрондук кабыл алуу” системасына бала окуу жылынын башында алты жашка толсо гана кабыл алынат.

Өкмөт мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында 2014-жылы бала бакчаларга, 2019-жылы мектепке электрондук кезекке туруу системасын пилоттук негизде ишке киргизген. Азыр мектепке кабыл алуу ушундай тартип менен болот.

Ата-энерер mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлттүккө учурап каларын айтып арызданып келишет. Өлкөдө 2 357 мектеп бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG