Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Марат Иманкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту


Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана элчи Лесли Вигери.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана элчи Лесли Вигери.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 30-январда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы жолугушуу элчиликтин демилгеси менен болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты. Андан тышкары Сириядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү маселеси да көтөрүлдү.

30-декабрда президент Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Лесли Вигерини кабыл алып, эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу сөз болгон.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинде Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштеген Вигери 20-ноябрда ант берип, кызматка киришкен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG