Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Талас: вице-мэр менен спикердин камактагы мөөнөтү узартылды


Талас шаардык кеңеши жайгашкан имарат.
Талас шаардык кеңеши жайгашкан имарат.

"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шек саналып жаткан Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов менен шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков 2023-жылдын 10-февралына чейин камакта калды. Мындай чечимди 29-январда Талас шаардык соту чыгарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу Байжигитов, Долдоев, Жусупбеков, анын орун басары Курамаев кармалганын 10-январда билдирген. Атайын кызмат 2020-2022-жылдардагы коррупциялык схемалардын алкагында бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 млн. сомдон ашканын жарыялаган.

Ушул эле иш боюнча кармалган шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Азиз Курамаев буга чейин үй камагына чыккан.

Талас шаардык кеңешинин депутаттары алар мыйзамсыз кармалганын, шаардык бюджетке ижара акыдан көп акча түшпөй турганын айтып чыгышкан. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG