Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:28

 АКШ “Вагнер” менчик аскердик компаниясын кылмыштуу уюмдардын катарына киргизди


"Вагнер" компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин.
"Вагнер" компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин.

АКШ “Вагнер” менчик аскердик компаниясын транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги билдирди.

Вашингтондун "кара тизмесине" Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров, Татарстандын башчысы Рустам Минниханов, бизнесмен Сергей Адоньев да кошулду.

Жаңы санкцияларга Вашингтон «Вагнер» компаниясы жана анын негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен байланышы бар деп санаган алты киши жана 12 компания да илинди. Алар: абадан коргонуу системасын иштеп чыгып өндүргөн «Алмаз-Антей» концерни, Борбордук Африкада «Вагнер» компаниясынын кызыкчылыгын коргойт делген Sewa Security Services компаниясы, Terra Tech акционердик коому жана кытайлык Changsha Tianyi Space Science and Technology Research Institute Co. LTD (Spacety China) компаниясы.

Мамлекеттик департаменттин башчысы Энтони Блинкен Вашингтон 531 орусиялык аскер кызматкерине визалык чектөө киргизгенин билдирди. Ошондой эле Вагнер” компаниясына түрмөдөгүлөрдү согушка жалдоого көмөк көрсөткөн Федералдык жаза аткаруу кызматынын үч жетекчисин дагы “кара тизмеге” кошту.

АКШ «Вагнерди» эл аралык кылмыштуу топтордун тизмесине киргизип, кошумча санкция салганын Улуттук коопсуздук комитенинин өкүлү Жон Кирби өткөн аптада билдирген.

“Вагнер” компаниясы менен Евгений Пригожин Европа Биримдигинин кара тизмесине буга чейин эле илинген. Украина жана Батыш өлкөлөрү "вагнерчилерди" ар кандай куралдуу жаңжалдарга, анын ичинде Украинага кол салууга аралашып, аскердик кылмыштарга барган деп айыпташкан.

"Вагнер” компаниясы жалдаган миңдеген согушкер Украинадагы урушка тартылган. Пригожин жалданмалардын майдандагы эрдигин таанууну талап кылып Орусиянын аскер жетекчилигине ачык талап койгон. Путиндин "ашпозчусу” деген каймана аты бар олигархтын орус түрмөлөрүн кыдырып, жаза өтөп жаткандарды согушка азгырып жүргөн видеолору тараган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG