Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:32

Ооган кыргыздарынын абалын билүү үчүн элчилик өкүлү жөнөтүлдү


Памирлик кыргыздар.
Памирлик кыргыздар.

Ооганстандын Памир өрөөнүн байырлаган кыргыздардын абалын билүү үчүн ал жакка элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөнүн бүгүн 26-январда Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди:

“Саламаттык сактоо министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Чоң Памир тоолорунда телефон байланышы жок экени белгиленип, этникалык кыргыздардын чыныгы абалын тактоо үчүн ал жакка элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу катталган эмес. Этникалык кыргыздардын маселеси өзгөчө көзөмөлгө алынып, ооган кыргыздарынын Кыргызстандагы өкүлү менен байланышта болуп жатабыз”.

Абытовдун айтымында, быйыл май айында Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн бардык шарты бар 400 үйдүн курулушу башталат.

Буга чейин Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жарым айда 20дан ашуун адам каза болгонун "Азаттыкка" бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу айтып берген.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан бул маалыматты бир нече булактан такташтырып жатканын 19-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирип, “Бирок вирустун айынан каза болгондор тууралуу маалыматты азырынча тастыктай албайбыз” деген.

Былтыр июль айында кыргыз өкмөтү 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүп келери маалым болгон.

Ага чейин 2019-жылы 50 адамдан турган 11 памирлик үй-бүлө көчүрүлүп келип, алар үчүн Алай районунун Сары-Могол айылына үй курулган.

2017-жылы Нарынга алынып келинген элүүдөй кыргыздын айрымдары Ооганстанга кайра кайткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG