Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:34

ОСАГО: Шакиев айып пул төлөөнүн мөөнөтү жылганын билдирди


Чүй облусу.
Чүй облусу.

Автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушканын парламенттин 26-январдагы жыйынында билдирди.

“Акылбек Жапаров менен кеңешип, 1-апрелден тарта айып салуунун мөөнөтүн жылдырдык. Президент да ушундай тапшырма берген экен”, - деди төрага.

Шакиев канча мөөнөткө жылдырыла турганын тактаган жок.

Парламенттин 25-январдагы жыйынында депутаттар автоунааларын камсыздандырбаган айдоочуларга айып салуунун мөөнөтүн жылдырууну сунуштаган.

Кыргызстанда автоунаа боюнча милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Быйылтан баштап тийиштүү мыйзам күчүнө кирди. Бийлик бул автокырсыкка учурап, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтурууга, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоого керек экенин айтууда.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, машиненин түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учурай турганына жараша өзгөрүп турарын билдирген.

Полис албаган катардагы айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынат. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG