Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Мирзиёевдин сапарынан улам Бишкекте жол кыймылына чектөөлөр болот


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-27-январдагы мамлекеттик сапарына байланыштуу Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлап, жарандарды буга түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Шаардык милиция башчысынын ушул күндөрү Бишкектеги бардык мектептерде сабактардын убактысын кыскартууну мэрияга сунуштаган каты жарыяланды. Анда чектөөлөрдөн улам балдардын мектепке, кайра үйгө жетишине тоскоолдуктар болушу мүмкүн экени жазылган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен 26-27-январь күндөрү болот. Эки өлкөнүн президенттери кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлуп, сапарды утурлай кыргыз-өзбек бизнес форуму өткөнү жатат.

Мирзиёев Кыргызстанда былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган.

Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG