Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Былтыр Орусия соодада Өзбекстандын негизги өнөктөшү болду


Ташкенттеги чоң конок үйүндө Өзбекстан менен Орусиянын желегинин элеси. Архив. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Ташкенттеги чоң конок үйүндө Өзбекстан менен Орусиянын желегинин элеси. Архив. Иллюстрация үчүн колдонулду.

2022-жылы Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө Орусия биринчи орунга чыкты. Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр Орусия менен соода жүгүртүү 22,9% көбөйүп, 9 миллиард 279 миллион 700 миң долларды түзгөн.

Орусияга экспорт көлөмү 46,8% көбөйгөн. Импорт 13,7% көбөйүп, 6,2 миллиард долларга жеткен.

Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсүндө 8 миллиард 923 миллион 800 миң доллар үлүшү менен экинчи орунду Кытай ээледи. Экспорт 2,5 миллиард долларды, импорт 6,4 миллиард долларды түздү.

Казакстан 4,6 млрд доллар, Түркия 3,22 млрд доллар жана Түштүк Корея 2,3 млрд доллар үлүшү менен кийинки орундарды камсыздап, 2022-жылы Өзбекстандын ири беш соода өнөктөшүнүн катарына кирди.

Өзбекстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсү былтыр 50 миллиард доллардан ашты. Анын ичинен 19 миллиард 309 миллиону экспортко, 30 миллиард 699 миллиону импортко туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG