Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Парламентте автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мөөнөтүн жылдыруу сунушталды (видео)


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында айдоочуларды автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча мыйзамдын мөөнөтүн жылдыруу сунушу айтылды.

Депутат Дастан Бекешев эки айдын ичинде айдоочулар автоунааларын камсыздандырып жетишпей турганын айтты.

“Күн сайын кеминде 10 миң айдоочуну катташ керек болот. Камсыздандыруу компаниялары буга даяр эмес. Ошого жайга же күзгө чейин жылдырып туралы. Балким, келерки жылдын 1-январында баштасак болот”, - деди Бекешев.

Ал Министрлер кабинетинен учурда камсыздандыруудан өтүп жаткандар тууралуу маалымат берүүнү суранды.

Бекешевдин сунушун депутат Нуржигит Кадырбеков да кубаттап, камсыздандыруу боюнча каттоо жараяны татаал экенин айтты. Анда автоунаанын ээсинен ишеним кат талап кылынарын, автоунааны атына каттатып коюп, башка жакта жүргөндөр бар экенин эске алууга чакырды.

“Муну жылдырбасак, кийинки митинг ошол камсыздандыруу компанияларынын алдында болот”, - деди Кадырбеков.

Кыргызстанда автоунаа боюнча милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келе жатат. Быйылтан баштап тийиштүү мыйзам күчүнө кирди. Бийлик бул автокырсыкка учурап, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтурууга, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоого керек экенин айтууда.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, машиненин түрүнө, айдоочунун жаш курагы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учурай турганына жараша өзгөрүп турарын билдирген.

Полис албаган катардагы айдоочуларга 3 миң сом, мекемелерге 13 миң сом айып пул салынат. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG