Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Депутат Атазов банктардын валюта операцияларын сындады


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов банктардын долларды чектөөсү, сырттан келген акчаны төмөнкү курс менен элге берип жатканын сындады.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыповго кайрылып, абал барган сайын чыңалып бара жатканын айтты.

"Сырттан доллар менен акча которушса, доллар жок деген чектөө боюнча кат түрүндө жооп бериңиз дедим эле, жооп дагы деле келе элек. Бул абал барган сайын чыңалып бара жатат. Мисалы мигрант иштеп тапкан эки миң долларын бул жакка жиберсе, коммерциялык банктар 100 долларды эле валюта түрүндө берип, калганын төмөнкү курста сом менен беришүүдө. Өзүңөр барып цемент көтөргүлө анда. Эмнеге мигранттар иштеп таап салган акчасынан коммерциялык банктар пайда таап жатышат? Бул көйгөйдү тартипке салышыңар керек", - деди Атазов.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары депутатка кат түрүндө жооп кайтарарын айтты. 20-январда ал коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуп, акча алмаштыруу, накталай акча чыгаруудагы комиссия төлөмдөрүн кайра карап чыгыш керектигин билдирген.

Коммерциялык банктар 2022-жылдын жаз айларынан тарта сырттан которулган валютага чектөө киргизип, кошумча пайыздык төлөм алып жатат. Ар бир банк пайыздык төлөмдү өзү белгилеген өлчөмдө койгон.

BNC Finance инвестициялык компаниясынын талдоосуна ылайык, жалпысынан кыргыз банктарынын 2022-жылдын январь-сентябрь айларындагы валюталык операциялардан тапкан кирешеси былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 539% өскөн.

Банктар 2021-жылдын тогуз айында валюталык операциялардан 11 млрд. 11 млн. сом таза киреше тапкан болсо, 2022-жылдын ошол мезгилиндеги пайдасы 59 млрд. 302 млн. сомго жеткен.

Валюталык операцияларга акча которуулар, чет өлкө валютасын накталоодон комиссия алуу жана акча алмаштыруу өңдүү иштер кирет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG