Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Кызылча жана кызамык оорулары менен алты бейтап катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча (корь) оорусу менен төрт, кызамык (краснуха) менен эки бейтап катталды. Бул тууралуу 23-январда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кызылча менен ооруп жаткандардын бири Түркиядан келгени аныкталды.

Бейтаптардын баарынын абалы канааттандырарлык экени, дарыгерлер медициналык көзөмөл жүргүзүп жатышканы, өлкө боюнча абал туруктуу экени маалымдалды.

Министрликте ыкчам жыйын өтүп, анда кызылчага жана кызамыкка каршы пландык эмдөө ишин күчөтүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экени белгиленди.

Кызылча да, кызамык да аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдеттер. Аларды алдын алуунун жалгыз жолу – эмдөө. Кыргызстандын эмдөө календарына ылайык, балдар бул ооруларга каршы вакцинаны 1 жана 6 жашка чыкканда алышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG