Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Илимий даражасы барлардын кошумча төлөмү көбөйөт


Билим берүү жана илим министрлиги.
Билим берүү жана илим министрлиги.

Быйылтан тарта Кыргызстанда илимдин доктору, кандидаттардын илимий даражасы үчүн төлөнгөн кошумча акы 50% көтөрүлөрү маалым болду.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 21-январда билдирүү таратты.

1-январдан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына кошумча төлөмдөр белгиленди. Ага ылайык илимдин доктору даражасы барларга ай сайын 2700 сом, илимдин кандидаттарына 1350 сом кошумча төлөм берилмекчи.

Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматы боюнча, өлкөдө миңден ашык илимдин доктору, төрт миңден ашык кандидаты бар.

Жогорку жана орто окуу жайлардагы академиялык курамдын саны жети миңге чукул. Алардын 60% аялдар. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG