Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги ушул тапта өлкөнүн бардык аймактарында сарыктын В түрүнө каршы эмдөө акысыз жүрүп жатканын кабарлады.

“Жалпы 600 миң доза вакцина бар. Алардын 450 миңи гуманитардык жардамдын алкагында келген. Бюджеттик каражатка 150 миң доза алынган”, – деп билдирди министрлик.

Биринчи этапта эмдөө 2022-жылдын этегинде Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн. 2023-жылдын 16-январынан тарта республиканын бардык аймактарында эмдөө башталды.

17-январга чейин Бишкекте 1636, Чүй облусунда 1642, Ош шаарында 1330 киши гепатиттин В формасына каршы эмделди. 23 жаштан 65 жашка чейинки бардык кыргызстандыктар үй-бүлөлүк медицина борборлорунда сарыктын В формасына каршы акысыз эмделе алат. Эмдөө үч жолу бир ай жана алты ай аралыгында жүргүзүлөт.

2020-жылдагы эсеп боюнча, өлкөдө жугуштуу гепатит 4805 адамдан аныкталган. 2019-жылы 6,6 миң кишиден табылган.

Бейөкмөт уюмдар сарыктын В түрүнө чалдыккандар жүз миңдеп санала турганын айтып, ага каршы жапырт эмдөө жүргүзүүнү талап кылып келет.

Гепатит - боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын А, В, С, D түрлөрү бар.

А түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Ал жугуштуу келип, кайнатылбаган суудан же ооруган адам менен байланыш учурунда жугушу мүмкүн.

Сарыктын калган оор формалары адамга негизинен кан аркылуу жугары аныкталган. Дарыгерлер мындан улам тиш догдурга же сулуулук салондоруна барганда сак болууну эскертишет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG