Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Бишкекте ММКлардын имараттарындагы бомба тууралуу маалымат жалган болуп чыкты


Kaktus.Media басылмасынын имаратындагы полициясынан тасмасы. 20-январь, 2022-жыл.
Kaktus.Media басылмасынын имаратындагы полициясынан тасмасы. 20-январь, 2022-жыл.

Бишкек шаарында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жайгашкан имараттарда “бомба коюлганы” тууралуу маалымат жалган болуп чыкты. Шаардык милиция эч кандай жарылуучу зат табылбаганын маалымдады.

20-январда саат 15:45те 102 кызматына Бишкектин борборундагы Red Centre бизнес борборунда бомба бар экени тууралуу маалымат түшкөн. 24.kg агенттигине да электрондук почта менен кат келип, кызматкерлер имараттан эвакуацияланган.

Ушундай эле кат "Элдик медиа" , "Вечерний Бишкек", Kaktus.media сайтына да келген. Алар да отурган имараттан эвакуацияланган.

ЖМКлардын жамааттары отурган имараттарды сапёрлор текшерип чыккандан кийин гана кызматкерлер иш ордуна коё берилди.

20-декабрда эртең менен Бишкектеги беш мектептин окуучу, мугалимдери жардыргыч зат тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланган. Түштөн кийин милиция мектептерде эч кандай жардыруучу зат табылбаганын билдирген.

Кыргызстанда "бомба коюлду" деп жалган маалымат тараткандарга Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси, тактап айтканда, "Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" айыбы боюнча кылмыш иши козголот. Анда айып пул төлөп, кара жумушка тартуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жазалар каралган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG